Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде мүлкүн ачыктоону өзү баштап бере тургандыгын айтты.
“ «Баарын унуталы, өткөнгө кайрылбай артка таштайлы», — деп айтып келебиз. Эми мындан ары жашырмай жок. Баарын ачык көрсөтүп, салык төлөп турууну сунуштадык. Азырынча эч ким ачыкка чыгара элек. Мен өзүм баштап берейин деп жатам. Жакында менин канча мүлкүм бар экенин билесиздер”, — деди Садыр Жапаров.