• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Жалал-Абаддагы Кыргызстан жана Россиянын достук паркында болду

13 Бугу 20258:51 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 12-майда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы Кыргызстан жана Россиянын региондорунун достук паркында болду.

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, мамлекет башчы парктын аймагын көрүп чыгып, анын көрктөндүрүлүшү жана эс алуу жайлары менен таанышты. Ал шаар тургундары менен баарлашып, алардын ой-пикирин жана каалоо-тилектерин угуп, шаардыктар менен бирге сүрөткө түштү.

“Президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийликти жана жашоочуларды шаардагы тазалыкты, тартипти жана ыңгайлуулукту сактоого өзгөчө көңүл бурууга чакырып, өз шаарына кам көрүү ар бир адамдын жоопкерчилигинен башталарын баса белгиледи”,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 198