• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров жан сакчысынан коронавирус аныкталгандыктан бүгүн добуш берди

10 Теке 2021 15:40 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Бир күн мурда мамлекет башчысынын жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус инфекциясы катталгандыгына байланыштуу участкалык шайлоо комиссиясы көчмө добуш берүүнү уюштурду.

Президент берген ПЧР-тестинин жыйынтыгында коронавирус инфекциясы чыккан жок. Бирок Садыр Жапаровго эпидемиологдордун берген сунуштарына ылайык, ал түздөн-түз байланышта болгондугу үчүн башкалардын ден соолугуна коркунуч келтирбөө максатында обочолонуу чараларын көрүшү зарыл.

Мамлекет башчысы өлкө жарандарын шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүү менен өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткарууга чакырды.

Президент Садыр Жапаров шайлоого катышуу жоопкерчиликтүү жарандык позициянын жана өлкөнүн келечеги үчүн кам көрүүнүн көрсөткүчү экендигин белгиледи.

Эске салсак, 2021-жылдын 11-июлунда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо болуп өтөт.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 33-беренесине ылайык, участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесине киргизилген бирок ден соолугунун абалына байланыштуу же мыйзамда көрсөтүлгөн башка себептерден улам добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочуларга добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганда шайлоо участкасынан тышкары жайда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Количество просмотров: 830