• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров жана Арипов телефон аркылуу сүйлөштү

17 Бирдин айы 2023 12:20 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Өкмөт башчылар эки республиканын президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты, атап айтканда, Биргелешкен практикалык аракеттер планынын («Жол картасы») долбоорун иштеп чыгуу тууралуу сөз жүрдү.

Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун айрым пункттарын, анын ичинде Кыргызстанда жана Өзбекстандын Соода үйлөрүн ачуу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселесин такташты.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Абдулла Ариповду Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

Количество просмотров: 61