• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров жана Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

19 Баш оона 202216:01 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө басым үстүбүздөгү жылдын 25-26-августунда Кыргызстандын төрагалыгы астында Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын эске алуу менен Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жасалды.

Количество просмотров: 204