• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров: Жээнбековдон 1 миллион доллар алмак түгүл, 1 доллар алган жокмун

3 Кулжа 2022 17:16 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчы Садыр Жапаров камакта отурган мурдагы тарапташы Мелис Аспековдун айыптоосун четке кагып, экс-президент Сооронбай Жээнбековдон акча албаганын билдирди. Президент “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Аспековду «менин атымдан акча чогулткан» деп айыптады.

“Сооронбай Жээнбековдон бүгүнкү күнгө чейин бир миллион доллар алмак түгүл, бир доллар алган жокмун. Кудай өзү көрүп турат. Ал эми Мелис Аспеков болсо шайлоо убагында мени сурап жатат деп ар кимден акча чогултуп кармалган. Ошол үчүн камакта жатат”, — деп жооп берди президент.

Буга чейин камактагы Мелис Аспеков сот отурумдарынын биринде Садыр Жапаров шайлоо маалында экс-президент Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алганын айтып чыккан.

Эске салсак, Аспеков 2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Алгач Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында ага «Алдамчылык» беренеси да кошулган.

Количество просмотров: 4758