• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров: Жээнбековдун отставкага кетүү маселеси бүгүн чечилиш керек

14 Тогуздун айы 2020 16:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-октябрда расмий түрдө премьер-министр кызматына бекиген Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Анда ага президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасы тууралуу суроо берилди.

«Тарапташтарымды мен чакырган жокмун. Ал менин эле тарапташтарым эмес, бүткүл кыргызстандыктар деп билсеңиз болот. Анткени кыргызстандыктардын талабы – бул, президент кетсин, шайлоо жокко чыксын деп келип жатышат. Мен азыр бул жерден чыгып, президентке барып, жолугам, сүйлөшөм. Бул маселени чечебиз, бүгүн аягына чыгабыз», — деди Жапаров.

Ал журналисттин бул маселе качан чечилүүсү керек деген суроосуна жжооп берип, «маселе бүгүн чечилиш керек» деп кошумчалады.

Количество просмотров: 970