• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жапаров жер титирөөгө байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты

1 Жетинин айы 2020 11:01 Бишкек Govori.TV

Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга Измир аймагында жер титирөө менен цунамиден кийин адамдардын курмандыктары жана ири кыйроолорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик сайтта маалымдалат.

«Измир аймагында жер титирөө менен цунамиден кийин адамдардын курмандыктары жана ири кыйроолор болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан жалпы түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтам жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, кечээ, 30-октябрда, Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Акыркы маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн набыт болгондордун саны 42 кишиге жетти. 900гө жакын адам түрдүү жараат алды.

Количество просмотров: 1373