• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров ЖККУ саммитине катышуу үчүн Москвага келди

15 Бугу 202223:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчынын учагы «Внуково 2» эл аралык аэропортуна конду.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын юбилейлик жыйыны 16-майда өтөт. Иш-чара Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган.

Количество просмотров: 197