• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров ЖККУнун Башкы катчысын кабыл алды. Кайсы маселелер көтөрүлдү?

1 Аяк оона 2021 16:20 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Станислав Засьты кабыл алды.Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар уюм алкагында өз ара аракеттенүүнүн, регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоонун актуалдуу маселелерин ошондой эле, Душанбе шаарында өтө турган ЖККУ саммитин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан ЖККУ алкагында ага мүчө мамлекеттер менен кызматташтыкка чөлкөмдөгү коопсуздуктун гаранты катары өзгөчө маани берерин белгиледи.

Анын айтымында, Уюм жоопкерчилигинин аймагындагы коркунуч деңгээлинин өсүшү тыгыз өз ара аракеттенүүнү талап кылат. Тобокелдиктерди нейтралдаштырууга жана зарыл болгон учурда ыкчам реакция кылуу даярдыгынын жогорку деңгээлин кармап туруу зарыл.

Өз кезегинде, Станислав Зась Садыр Жапаров менен жолугушууну канааттануу менен белгилеп, анын Борбордук Азия регионундагы кырдаалга байланыштуу зарылдыгын билдирди.

Мындан сырткары, Башкы катчы учурдан пайдаланып, президентти Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктап, ийгилик, өлкө элине гүлдөп өнүгүү каалады.

Количество просмотров: 120