• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жапаров: ЖМКларга куугунтук болуп жатса болушам

10 Үчтүн айы 2021 23:34 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматы боюнча 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо добуштардын 79,2% алып, алдыга чыккан талапкер Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрүп, жакынкы үч-төрт жыл аралыгында элдин колдоосуна бүгүнкүдөн да көбүрөк муктаж боло турганын айтты. Жана ошондой эле ал өзүн колдогон шайлоочуларга ыраазычылыгын билдирди.

Ушул эле маалымат жыйында, Жапаровго журналисттер тарабынан сын пикирлерди айткан маалымат каражаттарына карата кысым болбойбу деген суроо узатылды.

«Биз сөз эркиндигин коргоону көздөп жатабыз. Эгер сизге кысым көрсөтүлсө, мен сизди коргойм. Бирок мен сизден жана башкалардан бирөөлөрдүн сөздөрүнөн бурмалабоону суранам. Сизден калыс жана объективдүү болушуңузду суранам», — деди ал сөз эркиндиги тууралуу суроого жооп берип жатып.

Количество просмотров: 45