• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жапаров Жогорку Кеңешке келет

30 Кулжа 2022 10:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына президент Садыр Жапаров келет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмас Абытов билдирди. Анын айтымында, министрлер кабинетинин төрагасынын жаңы дайындалган орун басарлары жана башка мүчөлөрүнүн ант берүүсү болот.

Жана ошондой эле президент депутаттардын алдында сөз сүйлөйт. Мамлекет башчы саат 11:00дө келери күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 30-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтүп жатат, бул отурумдан соң депутттар эл менен жеринен жолугуу үчүн 2 айга каникулга чыга турганы маалымдалган.

Количество просмотров: 249