• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров жумушчу сапары менен Абу-Дабиге келди

12 Бештин айы 2022 9:12 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) келди.

Жумушчу сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык жыйынына теңтөрага катары катышат.

Андан соң Акылбек Жапаров бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өнөр жай объектилерин кыдырат, ошондой эле эки тараптуу документтерге кол коюу аземине катышат.

Количество просмотров: 426