• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

 Жапаров жумушчу сапары менен Казакстанга кетти

24 Бирдин айы 2022 13:05 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Казакстан Республикасына жөнөп кетти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы 24-25-февралда Нур-Султан шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат, ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Кыргыз Республикасы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылат.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны алкагында Евразиялык экономкалык биримдик өлкөлөрүндөгү макроэкономикалык абал, интеграциялык бирикменин бажы аймагына ташылып келинген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну жана жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшү каралат.

Ошондой эле 2022–2023-жылдарга Биримдик өлкөлөрүндө жарандык авиакурулуш жаатындагы өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү боюнча жол картасы талкууланат, ЕАЭБ интеграцияланган маалыматтык тутумунун учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги, ошондой эле ЕАЭБдеги өнөр жайдын инструменттерин баалоо жана мамлекттик колдоо көрсөтүү деңгээли тууралуу баяндама угулат.

Мындан тышкары, жыйында «Евразиялык агроэкспресс» тездетилген контейнердик темир жол рельси жана айыл чарба продукциясын мультимодалдык ташууну ишке ашыруу боюнча мүчө мамлекеттердин биргелешкен долбоору жана башка бир катар маселелер каралмакчы.

Количество просмотров: 59