• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров: Журналисттерге катуу ыкмаларды колдонбош керек

15 Бирдин айы 202212:41 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерди суракка алуу, сотко чакыруу жана айрым ЖМКларга карата иш козгоо боюнча пикирин билдирди.

«Журналисттерге мындай катуу ыкмаларды колдонбош керек. «Арыдан бери бол» деген кыргыздын сөзү бар. Акыркы окуяларга басым катары баа бергенден алысмын, азыр тергөө иштери жүрүп жатат. УКМК жетекчиси жана ИИМ министринен дагы сурандым. Террористтер менен бандиттерге күч колдонуу керек. Ал эми журналисттер менен сый мамиле курууну илгертеден үйрөнгөнбүз, мындан ары жагы өздөштүрүп жүрө беришибиз керек», — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Жапаров Министрлер кабинетинин жаңы курамы түзүлгөндөн кийин алгачкы жолу басма сөз жыйынын берүүдө. Ал 2021-жылдын октябрь айында Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалган.

Количество просмотров: 74