• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаров жыйында Ташиевге тапшырма берди

26 Жетинин айы 2021 11:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун төрагалыгынын алдында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Жыйында Жапаров дыйкандарга багытталган насыялардын ишкерлерге берилишин иликтөө үчүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге тапшырма берди.

Садыр Жапаров колунда тийиштүү материалдар бар экенин айтып, аларды Ташиевге берди.

«Камчыбек Кыдыршаевич, кредиттер кимдерге берилгенин, эмне үчүн дыйкандарга жетпей калганын изилдеп, кайсы банктар бергенин текшерип чыгып чечим кабыл аласыз. Алган бизнесмендерге 15-20 пайыз күнөө болгондур, сүйлөшүү жолу менен коррупцияга барып, банктарга акча бергендир. Бирок алган ишкерлерди күнөөлөштүн кереги жок. Банкирлерди тактагыла, эмнеге бизнеске берип жиберген. Эки айлык мөөнөттө изилдеп, отчёт бересиз», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 747