• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жапаров: Жыл аягына чейин 12 миң ипотекалык батирдин курулушу башталат

22 Бугу 202413:39 Бишкек Govori.TV

 Өлкө боюнча жыл соңуна чейин 12 миң ипотекалык батирдин курулушу башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда «Жаңы кадам» социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме учурунда билдирди.

«50 пайызын алдын ала төлөй алган жарандарга, өзүнчө программа менен иштер жүрүүдө. 50 пайызын алдын ала төлөсө, 50 пайызын мамлекет тарабынан 15 жылга ипотекалык негизде төлөп беребиз. Бул мурдатан кезекте турган жарандарыбызга тоскоолдук болбойт. Мурдатан бери кезекте турган жарандарыбыздын кезеги бузулбайт”, — деди өлкө башчысы.

Теги:
Количество просмотров: 79