• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Жапаровду Астанада кандай тосуп алышты (сүрөт)

18 Чын куран 2024 18:49 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде, расмий сапары менен Казакстан Республикасына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Астананын эл аралык аэропортунан Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды.

Астана шаарынын флагштокторуна Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилген.

Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки жактуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Мындан тышкары Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин Алтынчы жыйынына жана Астана шаарында «Манас» кыргыз эпосунун каарманынын айкелинин ачылыш салтанатына катышат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Президентинин расмий сапарынын алкагында «Кыргызстан – Казакстан» бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөлү, кыргыз-казак жаштар форуму жана илимпоздор форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар өтүүдө.

Количество просмотров: 168