• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаровду Москвада ким тосуп алды?

24 Бугу 2023 15:14 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына (Россия Федерациясы) келди.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын учагы Москва шаарындагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду. Жапаровду Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Эске салсак, бүгүн иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.

Ошондой эле эртеси, 25-майда Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашат, биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгын бекемдөөгө, ошондой эле Биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерди кабыл алуу пландаштырылууда.

Теги:
Количество просмотров: 295