Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барды. Мамлекет башчынын борту «Пулково» эл аралык аэропортуна 24-декабрда конгон.
Маалым болгондой, өлкө башчы Жапаровду Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Эскерте кетсек, мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат.