• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жапаровду Түркияга кимдер коштоп кетти? (тизме)

9 Кулжа 20218:57 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, расмий иш сапары менен Түркия Республикасына, Анкара шаарына жөнөп кетти.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчысын төмөнкүлөр коштоп кетти:

— Кыргыз Республикасынын Президентинин жубайы Айгүл Жапарова;

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов;

— Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

— Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев;

— инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов;

— саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

— коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов;

— айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев.

Количество просмотров: 2535