• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаровду Өзбекстанга кимдер коштоп кетти (тизме)

11 Жалган куран 2021 14:21 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын жүрүшүндө Жапаров өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Өзбекстандын Олий мажилисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов жана премьер-министр Абдулла Арипов менен да жолугушуулар белгиленген.

Ташкентте Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форуму да өтмөкчү.

Садыр Жапаров баштаган делегациясына өкмөттүн курамы дээрлик толук кирген.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков, министрлер, депутаттар, өкмөттүн Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары Нурлан Кирешеев, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Чек ара кызматынын жетекчилери, президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев бар.

Количество просмотров: 395