• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаровдун басма сөз катчысы «Кумтөрдүн» айланасындагы акыркы камоолор боюнча комментарий берди

4 Кулжа 2021 11:26 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Кумтөр» иши боюнча айрым адамдардын кармалышына байланыштуу акыркы окуяларды саясатташтырган билдирүүлөргө, анын ичинде өлкөнүн Жогорку Кеңешинин депутаттарынын билдирүүлөрүнө комментарий берди, — деп маалымдайт президенттин басма сөз катчысы.

«Коррупция менен чыныгы күрөштүн негизги элементтеринин бири элдешкис позиция, калыстык жана мыйзамдуулуктун сакталышы болуш керек. Эл арасында алтын кенинин айланасында коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө дайыма ачык айтылып келсе дагы, бүгүнкү күнгө чейин „Кумтөр“ боюнча бир дагы терең, объективдүү иликтөө жүргүзүлгөн эмес. Коомчулуктун талабы менен учурда „Кумтөрдүн“ айланасындагы бардык коррупциялык иштер ар тараптуу каралып жатат. Бул иште өлкөдөгү белгилүү адамдардын аттары да чыгып жатат. Бирок, бул жагдай тергөө иштеринин жүрүшүн токтотпошу керек. Мына ушундан улам, биздин көз карашыбызда, мыйзам алдында баарыбыз бирдей болгондуктан, бул абалга кимдин бирөөлөрдүн мурдагы эмгектерин, ээлеген кызматтарын байланыштырууга болбойт.

Ошондуктан „бул иштер саясий куугунтук, саясатка байланыштуу“ деген сыяктуу билдирүүлөр — орунсуз. Жүргүзүлүп жаткан иштерден саясий себеп издеп, тергөөнүн объективдүүлүгүнөн шек санаган айрым жарандардын сөздөрүндө эч кандай негиз жок. Мен баардык тараптарды сабырдуулукка чакырар элем. Чекитти тиешелүү компетенттүү органдар коюшу керек», — деп белгиледи Эрбол Султанбаев.

Количество просмотров: 428