• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жапаровдун Баткен жана Ошко болгон иш сапары жыйынтыкталды

29 Бугу 2021 10:51 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун Баткен жана Ош облустарына эки күндүк иш сапары жыйынтыкталды.

Иш сапарынын жүрүшүндө мамлекет башчысы Баткен районунун чек ара аймагында жайгашкан айылдардын тургундары менен жолугушуп, аскер бөлүктөрүнөн кабар алды жана жергиликтүү тургундар, аскер кызматчылары менен баарлашты.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров Ош шаарында Коргоо министрлигинин жана Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын кызматчыларына батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Количество просмотров: 246