• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаровдун БУУда сүйлөгөн сөзүн ким жазган?

23 Аяк оона 2022 11:50 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзү, чек ара маселесине байланыштуу айрым суроолорго жооп берди.

Анда, «Жогорку трибунада сүйлөгөн сөзүңүз коомчулук тарабынан аябай жылуу кабыл алынды. Тажик тарапты ачык эле агрессор деп атадыңыз. Ушул Ассамблеянын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзүңүздүн текстин ким жазды? Спичрайтерлерби, дипломаттарбы же өзүңүзбү? Коомчулукта бирөөлөр жазып берди да деген сөздөр да болуп жатат?», — деп суроо узаткан журналист.

Бул суроого жооп берген президент Жапаров БУУда сүйлөгөн сөзүн өзүм жазганын белгиледи.

«БУУда сүйлөгөн сөзүмдү өзүм жаздым. Болгондо да учакта кетип бара жатып өтө маанилүү жерлерин толуктадым. Спичрайтерлер чек ара маселесин чечүүдө же кандайдыр бир жолугушууларга мени менен бирге катышкан эмес да. Маселе кандай чечилип же чечилбей жатканынан кабарлары жок. Спичрайтерлер менен Президенттин Администрациясындагы тиешелүү бөлүмдөр өлкөбүздүн ички иш-чараларда сүйлөй турган сөздөрүмдү гана алдын ала даярдашат. Бирок ошондо да баары бир көпчүлүк жерлерин өзүм оңдойм, алымча-кошумча кылам дегендей. БУУда сүйлөй турган сөзүмдүн ар бир тамгасын «Жети өлчөп, бир кеспесем» болбойт эле. Себеби БУУнун жогорку трибунасы оюнчук эмес да. Анын үстүнө бул маселе жөнөкөй маселе эмес, өтө олуттуу маселе», — деди ал.

Количество просмотров: 4592