• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Жапаровдун чөнтөгүн тигип иштеткиле». Депутат Министрлер кабинетинин төрагасын сынга алды

10 Бирдин айы 2022 12:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду кабыл албай койгонун айтып, аны сынга алды.

Анын айтымында, «Кумтөр» боюнча маалымат берилбей жатканы күмөн жаратып жатат.

«Мен ушул Кумтөр боюнча акылдуу Акылбек Жапаровго кайрылдым. Телефон чалдым, СМС жаздым, менин кеңешчим чалды кабылдамасына… Мен Кумтөр боюнча маалымат алып, элге айтайын дегем. Бирок, тилекке каршы жооп болгон жок. Элден, депутаттардан жашырган жашыруун маалымат бар экен деп ойлоп жатам. Кыргызстандын алтынын “бөлтүрүк” менен “карышкырга” кайтартып жатыптырбыз деп ойлондум. Жапаров боюнча сөздөр көп… Эл арасында «Акылбек Жапаровдун чөнтөгүн тигип иштеткиле, Акылбек Жапаров төрөлгөндө еврейлер ыйлаган» деп айтылып келет», — деди депутат.

Количество просмотров: 1123