• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Жапаровдун инаугурациясына Отунбаева, Бабанов, Текебаевдер келишти

28 Үчтүн айы 202110:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясы өтөт. Ага экс-президент Роза Отунбаева, мурунку депутаттар Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабановдор да келишти.

Ант берүү аземи аяктагандан кийин Жапаров кызматына расмий киришет.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, филармонияда ант берүү аземи болжол менен 30-40 мүнөткө созулушу ыктымал. Иш-чара 11:00дө башталат.

Аземге экс-президенттер Отунбаева, Жээнбеков, катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана интеллигенция өкүлдөрүнөн, жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган 1000ден ашык мейман чакырылган.

Количество просмотров: 929