• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Жапаровдун иш ордуна олтуруусун күткүсү келбеген депутаттар залдан чыгып кетишти

28 Үчтүн айы 202112:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров ант берип, расмий түрдө президенттик кызматына киришти. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова Садыр Жапаровго президенттин күбөлүгүн, штандарт жана төш белгини тапшырды.

Андан соң президент өз сөзүн сүйлөп, жалпы элине кайрылуу жасап, аземдин расмий бөлүгү жыйынтыкталды. Андан соң Жапаров өкмөт үйүнө иш ордуна кетти.

Анын өз иш бөлмөсүнө олтуруу салтанаты түз эфирде конокторго көрсөтүлөөрү айтылды. Бирок ага карабастан, депутаттар биринчи болуп залдан чыгып кетишти.

Иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун конок чакырылган.

Эске салсак, Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы жапырт тополоңго айланып, эл күч менен бийликти алмаштырган. Анда 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду тарапкерлери абактан чыгарган.

10-январда өткөн шайлоодо Жапаров шайлоого катышкандардын 80% чукулунун добушун алып, президенттикке шайланган.

Количество просмотров: 296