• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаровдун катышуусунда ТИМдин коллегиялык отуруму өттү 

24 Үчтүн айы 2024 10:32 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министрлигинде министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда коллегиянын отуруму өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйында министрликтин 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы каралды.

Коллегиянын жүрүшүндө министр Жээнбек Кулубаев ТИМдин ишинин жыйынтыктары жана КР мамлекет жана министрлер кабинетинин башчыларынын тышкы саясий тапшырмаларын иштеп чыгуу жөнүндө маалымдады.

Ошондой эле ал 2023-жылдагы ишинин негизги жыйынтыктары катары чет мамлекеттер менен саясий диалогду илгеритүүнү өнүктүрүүнү, экономикалык дипломатияны активдештирүү жана кыргыз жарандарынын чет өлкөлөрдөгү укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди белгилеп, 2024-жылга карата тышкы саясий пландары менен тааныштырды.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тышкы саясий ведомствонун 2023-жылдагы ишине оң баа берип, быйылкы жылда экономикалык дипломатия тармагындагы иш-чараларды активдештирүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, инвестицияларды жана инновациялык технологияларды тартууга өзгөчө көңүл бурулуп, биринчи кезекте стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорго, ата мекендик продукцияны экспорттоого, чет элдик туристтик агымдарды кеңейтүүгө жана тышкы транспорттук каттамдарды түзүүгө тапшырмалар берилди.

Количество просмотров: 56