• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

4 Жетинин айы 2023 9:00 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун 2-3-ноябрда Казакстанга болгон иш сапары аяктады.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, Астана шаарында Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактардагы байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бөлүштү.

Иш сапардын экинчи күнүндө мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын онунчу юбилейлик саммитине катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө түрк кызматташтыгын өнүктүрүүнүн максаттары жана приоритеттери жалпысынан Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясатка шайкеш келерин эске алуу менен, Кыргызстан уюмдун алкагында көп пландуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи.

Президент түрк өлкөлөрүнүн экономикалык потенциалын жогорулатуу жана туруктуу өнүгүүгө багыт алуу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнү маанилүү деп эсептейт.

ТМУга катышуучу-өлкөлөрүнүн башчыларынын саммитинин юбилейлик отурумунун жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу декларацияга жана башка документтерге кол коюлду.

Иш сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров 3-ноябрда Бишкек шаарына кайтып келди.

Андан соң иш-чаранын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйлоо аземи болду.

Количество просмотров: 119