Президенттин кеңешчиси Руслан Кыдырмышев Грозный шаарында Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров менен жолугушту. Бул тууралуу Кыдырмышев Instagram баракчасына жазган.
Ал жолугушуунун чоо-жайын айткан жок, бирок Кадыровду Бишкекте көрөм деп үмүттөнүп жатканын жазган.
«Грозный Маалымат» порталы Руслан Кыдырмышев Кадыровго кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн колунан жасалган ат жабдыктарынын толук топтомун белек кылгандыгын билдирди.