• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жапаровдун кичүү уулу “Берекет банкынын” негиздөөчүлөрүнүн бири болду

31 Тогуздун айы 202519:05 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов Кыргызстанда жаңы түзүлгөн “Берекет банкынын” негиздөөчүлөрү болду.

Улуттук банк 10-октябрда “Берекет банк” жабык акционердик коомун уюштурууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Банк 20-октябрда Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, анын негиздөөчүлөрү катары президенттин уулу менен экс-спикер көрсөтүлгөн. Жетекчиси болуп Жаркынбек Сагындыков жазылган.

Президенттин администрациясы “Берекет банк” жана ага мамлекет башчынын уулунун байланышы боюнча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 846