• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Жапаровдун кудасы балбандарды тосуп алып, сый көрсөттү (сүрөт)

16 Баш оона 2022 15:11 Бишкек Govori.TV

Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарына катышып өлкөгө кайткан айрым спортчуларды Жогорку Кеңешинин «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев менен депутат Арсланбек Малиев тосуп алышты.

Маалыматка ылайык, Акылбек Түмөнбаев кыргызстандык балбандар Ислам шериктештиги оюндарында көрсөткөн жыйынтыктары менен сыймыктана турган болгондугун баса белгилеп, өлкөнүн намысын коргогон спортчуларга жана машыктыруучулар тобуна ыраазычылык билдирип, алдыдагы Дүйнөлүк чемпионатта жана Олимпиада оюндарына болгон даярдыктарына ийгилик каалап өттү.

«Кыргызстандын намысын коргоодо алтын медалга ээ болгон Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековго кол саат белекке берип, жалпы командага акчалай көмөк көрсөттү», — деп айтылат бидирүүдө.

Белгилей кетсек, Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы. Ал президенттин эжеси Акат Жапарованын күйөөсү Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууганы.

Количество просмотров: 6585