• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Жапаровдун мурдагы жактоочусу президенттик аппараттын соттук реформа бөлүмүн жетектемей болду

24 Бештин айы 202017:15 Бишкек Govori.TV

Замирбек Базарбеков президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтында маалымдалат.

Аталган жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон.

Базарбеков ушул жылдын башында Садыр Жапаровдун жактоочусу болгон. Ноябрда ал Соттор кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссияга мүчө болуп, андан кийин  башчысы болуп дайындалган.

Замирбек Базарбеков 1957-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу, Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулган. 1989-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Количество просмотров: 115