• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Жапаровдун Орусия менен алгачкы алакасы. Эксперттер эмне дейт?

25 Бирдин айы 2021 11:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров алгачкы расмий иш сапарын Орусиядан баштады. 24-февралда Жапаров Москвада Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолукту. Серепчилер бул сапар таанышуу мүнөзүндө болорун жана анын мааниси чоң экенин айтышууда.

Табылды Акеров

Саясат таануучу Табылды Акеров Садыр Жапаровдун президент катары алгачкы чет элдик сапарында ири долбоорлорго байланыштуу келишимдерге кол коюлбай турганын белгиледи.

«Бардык эле мамлекет башчылардын алгачкы иш сапарлары таанышуу мүнөздө болот. Ошондуктан менин жеке пикиримде бул сапарда чоң келишимдерге кол коюлбайт. Президентти өкмөт мүчөлөрү коштоп кетпедиби балким курулуш, транспорт, коммуникация, темир жол жана автоунаа жолдору, энергетика, айыл чарба инфратүзүмүн өнүктүрүүчү биргелешкен долбоорлорду бышыктайт деп ойлойм»,-деди Акеров.

Айданбек Акматов

Саясат талдоочу Айданбек Акматов Жапаровдун Орусияга болгон сапары Кыргызстан үчүн канчалык маанилүү экенине токтолду.

«Негизи Орусияга болгон сапары күтүлгөн эле кадам. Анткени Кыргызстан көп тармакта Орусияга көз каранды. Биз үчүн өлкөнүн экономикалык жактан ирденүүсү абдан маанилүү маселе. Ушул жагына келгенде Орусия тараптан стратегиялык кадамдар кабыл алына элек. Биз ушул маселени кабыргасынан коюшубуз керек»,-деди Акматов.

Токтогул Какчекеев

Ал эми саясий серепчи Токтогул Какчекеев Кыргызстан Казакстанга эмес, алгач Орусияга бара турганы туура болгонун төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

«Биринчи сапар абдан маанилүү. Себеби, жаңы бийлик биринчи кадамын баштап жатат. Эки өлкөнүн экономикасы тыгыз байланышта болгондуктан иш сапар Орусиядан башталды. Ошол эле учурда Садыр Жапаровду коңшу өлкө жылуу тосуп алганы көрүнүп турат. Себеби өлкө башчы менен Орусиянын президенти, Мамлекеттик Думанын төрагасы жана өкмөт башчысы кезигип жатат. Бул Орусиянын Кыргызстан менен ымаласы жакын экенин айгинелейт. Кыргызстан Казакстанга эмес, алгач Орусияга бара турганы туура болду. Дипломатиялык этикеттин көз карашы боюнча, бул кадыресе көрүнүш. Мындан улам боордош казак туугандар таарынбайт»,-деди Какчекеев.

Количество просмотров: 554