• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады

22 Бирдин айы 2024 9:30 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун Россияга (Татарстан Республикасы) 20-21-февраль күндөрү болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Казань шаарына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкө башчылары мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын жогорку динамикасын белгилешип, кыргыз-россия мамилелерин тереңдетүүгө эки тараптын умтулууларын ырасташты.

Сапардын алкагында ошондой эле президент Садыр Жапаров менен Татарстандын башчысы Рустам Миннихановдун жолугушуусу болду.

Тараптар Кыргызстан жана Татарстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даярдыктарын билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Рустам Минниханов президент Садыр Жапаровду Кыргызстан жана Татарстандын кызматташтыгын өнүктүрүүгө, эки элдин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого кошкон зор салымы үчүн «Дуслык» ордени менен сыйлады.

Мындан тышкары бул сапардын алкагында Казань шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ачылышы болду.

Садыр Жапаров 21-февралда Россиянын президенти Владимир Путин, Беларусьпрезиденти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахман менен бирге «Келечек оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдешинин ачылыш аземине катышты.

Андан соң мамлекет башчылары «Келечек оюндарынын» инсталляцияларын, «Digital sport» жаңы дисциплиналары боюнча арт объектилерди көрүп чыгышты, ошондой эле Dota-2 жана»Фиджитал футбол» дисциплиналары боюнча мелдеш залдарын кыдырышты.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, 22-февралда таңга маал Бишкекке кайтып келди.

Количество просмотров: 76