Клара Сооронкулова Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы Бишкектин административдик сотуна арыз жазды. Ал Садыр Жапаровдун талапкер болуп катталышын жокко чыгарууну талап кылууда.
Маалыматка ылайык, арызын ал 15-декабрда тапшырган.
Сооронкулова Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда шайлоо күнү жарыяланганын, ал кызматын тапшырганга чейин дээрлик 20 күн бийликте болуп, үгүт жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү болгонун белгиледи. Ал бул пикирине Жапаровдун аймактарга барышын жана жаңы дайындоолорду негиз кылууда.
БШК мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү күнүн 24-октябрда белгилеген. Садыр Жапаров 14-ноябрда кызматын тапшырып, талапкер болуп катталууга арыз берген.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Садыр Жапаров талапкер болуудагы мыйзам эрежелерин бузбаганын билдирген.
9-декабрда президенттикке талапкерлигин көрсөткөн саясатчылар Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Бектур Асанов, БШКнын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов да Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүшүп, Садыр Жапаровдун президенттик шайлоого катышып жатканын мыйзамсыз деп санай турганын билдиришкен.