Президенттин ант берүү аземининен соң Садыр Жапаровдун тарапташтары майрамдап, той өткөрүп жатканы тууралуу видео тарады.
Эске салсак, 28-январда Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров ант берип, расмий түрдө президенттик кызматына киришти.
Филармонияда өткөн иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун конок чакырылган.
Жапаров ашыкчы чыгымдардан баш тартканын жарыялашып, банкет жана башка шаан-шөөкөттөр токтотулганы кабарланган. Жана Жапаровдун кызматка киришүү аземи санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулган.