Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров ант берип, расмий түрдө президенттик кызматына киришти.
Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова Садыр Жапаровго президенттин күбөлүгүн, штандарт жана төш белгини тапшырды.
Андан соң президент өз сөзүн сүйлөп, жалпы элине кайрылуу жасап, аземдин расмий бөлүгү жыйынтыкталды.
Өкмөт үйүнө иш ордуна бара жаткан Жапаров унаанын эшигин өзү ачып отурганы залдагы коноктордун мактоосуна татыды.
Иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун конок чакырылган.
Эске салсак, Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы жапырт тополоңго айланып, эл күч менен бийликти алмаштырган. Анда 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду тарапкерлери абактан чыгарган.
10-январда өткөн шайлоодо Жапаров шайлоого катышкандардын 80% чукулунун добушун алып, президенттикке шайланган.