Президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы жана Инстаграмдагы расмий баракчаларынан уу коргошун жөнүндө жазган билдирүүлөрү өчүрүлдү.
15-апрелде мамлекет башчы коронавирус менен ооругандарды уу коргошун менен дарылоону сунуш кылган билдирүү жарыялаган.
Бирок бүгүн, 19-апрелде президенттин жазган билдирүүсү жок болуп кетти. Анткени Фейсбук клиникалык сыноодон өтпөгөн дарыны жарнамалоого тыюу салат. Президенттин басма сөз кызматы азырынча бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.