• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаровдун баласын сүзгөн жаран кечирим сурады (видео)

3 Аяк оона 2019 16:13 Бишкек Govori.TV

Камактагы мурунку депутат Садыр Жапаровдун уулун сүзгөн жаран Жапаровдон жана анын үй-бүлөсүнөн кечирим сурап «Баласынын ордуна бала болуп берейин» деген кайрылуусун жасады. Бул тууралуу Талант Сагынбаев аттуу блогер өзүнүн ютуб каналына видео жайгаштырды.

http://jebe.media/wp-content/uploads/2019/09/Dastan-inter.mp4

Ал эми буга чейин Жапаров баласын сүзгөндөрдү «сотко бербегиле, арыз жазбагыла, бул кырсык, аны каматкан менен пайда жок. Аллах айтканы болот, баарыбыз кайтып кетебиз”,- деп, кырсыкка күнөөлү жаранды кечиргенин айткан эле.

Эске салсак, Жапаровдун уулу каза болгон жол кырсыгы 22-августта түндө саат 22.25тер чамасында болуп, Дастан Садыр уулу 26-августта Бишкектеги ооруканада өзүнө келбей көз жумган.

Камактагы экс-депутат Садыр Жапаровго баласынын тажиясына катышууга уруксат берилип, 27-августта бошотулган. Жапаровдун 27 жаштагы уулунун сөөгү 28-августта Түптүн Кең-Суу айылында жерге берилген.

Ал эми Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №1 түзөтүү абагына 28-август күнү кечинде кайра кайтарылган. Ал «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген. 

Количество просмотров: 401