Бишкек.08.03.2019.Govori.TV.
Абакта отурган экс-депутат Садыр Жапаровго кайтыш болгон энесине топурак салууга уруксат берилгени айтылууда. Бул тууралуу бир катар мамлекеттик кызматкерлер өздөрүнүн «Фейсбуктагы» баракчаларына жазып чыкты.
7-мартта Садыр Жапаровдун апасы Кадижан Максутова каза болду. Бул тууралуу Жапаровдун жакындары билдирди.
Белгилүү болгондой, Кадижан Максутова Бишкектеги ооруканалардын биринин урология бөлүмүндө көз жумган. Жерге берүү зыйнаты Ысык-Көл облусунун Түп районунда болот.