• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Жапаровго кайрылуу: Сын пикир айткан жарандарды куугунтуктоого жол берилбесин

1 Жалган куран 202117:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн бир катар жарандар «Кыргызстандын оппозициячыл маанайдагы жарандарын куугунтуктоого жол берилбестиги боюнча позицияңызды ачык билдирип коюуну суранабыз» деген кайрылуусун президент Садыр Жапаровго жолдошту.

Кайрылуунун толук тексти төмөндө:

Урматтуу Президент, СадырЖапаров

Кыргызстандын оппозициячыл маанайдагы жарандарын куугунтуктоого жол берилбестиги боюнча позицияңызды ачык билдирип коюуну суранабыз. Өлкөнүн расмий бийликтеринен башка пикирдин болушу жана аны ар бирибизге жеткиликтүү каражаттар аркылуу эркин таркатуу — бул мамлекеттин өнүгүү деңгээлинин, бийликтин “элге кызмат кылуу” стандартын туу тутканынын көрсөткүчү.
Сөз эркиндиги кемсинтүүгө, жалаа жабууга, калп айтууга жана басмырлоого жол бербөө менен гана чектелген. Бул стандарт ар бирибизге мүнөздүү болушу керек.

Сын пикир айткандарга моралдык коркутуу же кысым көрсөткөн, “макул эместигиңердин кесепеттери жөнүндө ойлонушуңар керек” деп кыйытып кодулоо үчүн ар бир мамлекттик же укук коргоо органынын кызматкеринин жоопкерчилигин камсыз кылып, жумуш ордунан бошотулаарына кепилдик беришиңизди талап кылабыз. Ар бир жарандык активистти коркутуу боюнча маалыматтын тез арада тергелип же кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы коомчулукка ачык жарыяланышы керек.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, сиз эл үчүн жооптуу кызматтын үлгүсү болом деп убада бердиңиз! А биз, элдер ар кандайбыз, биз силер менен, УКМКнын төрагасы, ИИМдин башчысы, кеңешчилериңер менен бирдей ой жүгүртө албайбыз, дем ала албайбыз, сүйлөй албайбыз, жашообузду бирдей өткөрө албайбыз, жада калса биздин туугандар, ата-энелер, балдар менен дагы айырмаланат. Бирок биз баарыбыз Кыргызстандын элибиз, жогоруда айтылган кызмат адамдары бир гана элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө милдеттүү болгон өлкөдөгү бирден-бир бийлик булагыбыз.

Кыргызстандагы 2005, 2010, 2020- ж. окуялары кыргыздын “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” нукура сөзүнүн далили. Элдин сын же башкача ой-пикир билдиргени — бул бийликтин чечимдеринин сапатыг жогорулатууга мүмкүнчүлүк. Сынга жана башка ой-пикирлерге ыраазычылык билдирүү керек, мурунку президенттердин жолун улап коркутуп, түрмөгө отургузуп, жок кылып же кемсинтүү — бул туңгуюк. Өткөн ажолордун элге каршы иштегенин, элден обочолонгону баарыбызга караганда Сиз жакшы билесиз.

Урматыбыз менен, Кыргыз Республикасынын жарандары:
Атыр Абдрахматова;
Гүлшайыр Абдирасулова;
Мирзат Аджиев;
Айсулуу Алымбек кызы;
Тимур Шайхутдинов;
Эркин Асаналиев.

Эске салскк, конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева аны үйүнө издеп барган белгисиз адам боюнча милицияга кайрылганы 27-февралда белгилүү болду.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов 4-февралда парламентте сүйлөп жатып Кыргызстанда саясий куугунтук жок деп эсептей турганын айткан жана мамлекет башчысы Садыр Жапаров инаугурациясынан кийин президенттик аппараттын бардык кызматкерлерин, жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрүн чогултуп, таза иштөөгө, мурдагы бийликтердин катасын кайталабоого чакырганын айткан.

Количество просмотров: 99