Бүгүн, 9-июнда, президент Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуу аземи болду.
Садыр Жапаровдун кортежи ардактуу атчандар кароолунун коштоосу менен Анкара шаарындагы президенттин сарайына келди. Кыргызстандын президентин Режеп Тайип Эрдоган тосуп алды.
Ал эми интернетке эки өлкө башчынын жолугушуусундагы сүрөттөр тарап көпчүлүктүн көңүлүн Жапаровдун үстүнө кол чатыр кармаган Эрдогандын сүрөтү бурду.
Мамлекет башчылары учурашкан соң, Кыргызстан менен Түркиянын гимндери жаңырды.
Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин, Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери тизилип турган Ардактуу кароолду бойлой басышты. Президент Садыр Жапаров жоокерлер менен түрк тилинде: «Merhaba, asker!» деп саламдашты.
Андан соң мамлекет башчылары өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырып, мамлекеттик желектердин фонунда сүрөткө түшүштү.
Расмий жолугушуу аземинин жыйынтыгында Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын президентинин кеңсесине бетме-бет сүйлөшүштү.