• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапония Украинага 5,5 млрд доллар бөлөт

21 Бирдин айы 2023 12:20 Бишкек Govori.TV

Жапония талкаланган аскердик инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн Украинага 5,5 млрд доллар өлчөмүндө жардам берет. Бул тууралуу 20-февралда өлкөнүн премьер-министри Фумио Кисида Токиодогу глобалдык форумда билдирди.

Ал мындан тышкары Украина президенти Владимир Зеленскийди “Чоң жетиликтин” (G7) онлайн-саммитине катышууга чакырды. Associated Press агенттиги кабарлагандай, саммит учурунда G7 өлкөлөрү Украинага көрсөтүлө турган колдоонун кийинки кадамдарын талкуулашат.

Жапония Орусияга каршы АКШ жана Евробиримдик киргизген санкцияларга кошулган. Өлкө Орусияга вакцина, медициналык жабдууларды жана роботторду жеткирүүгө тыюу салган. Мындан тышкары радиоактивдүү материалдарды, атомдук объектилердин тетиктерин, мунай жана газды чалгындоо үчүн жабууларды берүү токтогон.

Количество просмотров: 127