• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапыкеев: Ишкерлерге кысым көрсөткөн кызматкерлер иштен айдалат

24 Жетинин айы 2020 10:58 Бишкек Govori.TV

Финансы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев ишкерлердин укуктарын коргоо жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

 Жапыкевдин айтымында, пандемия бизнестин ишмердигине олуттуу таасир тийгизгендиктен, укук коргоо органдары ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө милдеттүү.

«Коронавирус чындыгында күтүлбөгөн көрүнүш болуп, өлкөдөгү экономикалык кырдаалга өтө терс таасирин тийгизди жана биз бизнестин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган катары ишкерлерге тийиштүү колдоо көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Биздин башкы жана негизги милдетибиз — бизнести коргоо жана мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын камсыз кылуу. Ак ниетсиз, коррупциялашкан аткаминерлердин бизнеске кысым көрсөтүүсүнө жол берген терс факторлорду жок кылуу керек. Фискалдык органдардын ашыкча активдүүлүгү мамлекеттин ишкердик климатына ушундай оор мезгилде тоскоол болууда. Финансы полициясы ишкерлерге кысым көрсөтүү жана аларды негизсиз куугунтуктоо фактыларын кылдат тергеш керек»,-деп билдирген Жапыкеев.

 Ошондой эле ал мыйзамсыз жүрүм-турум жөнүндө же Финансы полициясынын кызматкерлеринин мыйзамдуу бизнестин ишмердигине кандайдыр бир кысым көрсөткөндүгү жөнүндө маалымат жетип калса, жумуштан бошотууга чейинки эң катаал чаралар көрүлөрүн эскерткен.

Количество просмотров: 531