• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Абактагы Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялады

16 Жетинин айы 2021 20:15 Бишкек Govori.TV

Блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялады. Бул туурасында Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, улуттук борбордун кызматкерлери 2 күндөн бери ачкачылык жарыялаган Гүлзат Мамытбектен кабар алышкан.

«Ал Ички иштер министрлигинин мекемелериндеги камак жайларынын абалынын начардыгы менен андагы кызматкерлердин орой мамилесине нааразы болду. Биздин кызматкерлер ачкачылык боюнча камак жайдын жетекчилигине маалымдашты», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, блогер Гүлзат Мамытбек 25-октябрда алдамчылык фактысына шектелип кармалган. Кийин Биринчи Май райондук соту аны 1 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Количество просмотров: 369