• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жапырт камоо: Шаардык сот Журабаеваны камакта калтырды

9 Жетинин айы 2022 10:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын баш коргоо чарасы каралды.

Шаардык сот Журабаеваны 20-декабрга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

«Кармалгандан бери эч кандай тергөө болгон жок», — деди ал.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 334