• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жапырт камоолор: Активист Али Шабдан камакта калды

9 Жетинин айы 2022 13:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык соту активист Али Шабдандын баш коргоо чарасын карап, анын жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган жок.

Шаардык сот активистти 20-декабрга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 73