• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапырт уулануу: Жабыркагандардын саны 300гө жетти

28 Тогуздун айы 2021 10:36 Бишкек Govori.TV

27-октябрга карата Бишкектеги «Империя пиццы» кафесинен тамактанып, ууланган жарандардын саны 300гө жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Массалык уулануу 23-24-октябрь күндөрү аталган кафеде суши-роллы жегендер арасында катталган. Жабыркагандар Темир жол бейтапканасында, Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасы менен Улуттук госпиталда дарыланып жатышат.

«Бейтаптардын абалы туруктуу, калган уулангандарга керектүү медициналык жардам берилгенден кийин үйлөрүнө жиберилди»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарындагы «Империя пиццы» кафесинин түйүндөрү эпидемиологиялык иликтөө иштери жүргүзүлгөнгө чейин жабылган болчу.

Количество просмотров: 401